«Азыр башымды кесип алсаңар да, айлыгыңарды көтөрө албайм». Аткаминер троллейбус айдоочуларына жооп берди

Бүгүн, 11-августта троллейбус айдоочулары линиядан чыгып, Бишкек троллейбус башкармалыгынын жанына чогулушту. Нааразы болгон айдоочуларга Бишкек шаарынын вице-мэринин милдетин аткаруучу Максат Сазыкулов жолукту.

Анын айтымында, муниципалитет 1-сентябрдан тарта айдоочулардын айлыгын 40 миң сомдон бир аз гана жогору көтөрө алат. «Азыр менин башымды кесип алсаңар дагы айлыгыңарды көтөрө албайм. Ачыгын эле айтып коёюн. 1-сентябрдан тарта айлыгыңарды 50 миң сомго чейин көтөрөбүз. Колуңарга 40-42 миң сом аласыңар. Эки айдан кийин дагы карап чыгабыз. 2-3 ай чыдап, бизди түшүнүп коюңуздар. Бизди бурчка такай берсеңер, эч кандай натыйжа болбойт», — деди ал.