Вице-премьер Улукбек Кармышаков шайлоо ийгиликтүү өткөнүн билдирди

Вице-премьер Улукбек Кармышаков референдум менен жергиликтүү кеңештерге шайлоо ийгиликтүү өткөнүн брифингде жарыялады.

«Биз жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана жаңы Конституция боюнча референдумду ийгиликтүү өткөрүп алдык. Алдын ала маалымат боюнча, референдумда 30 пайыздан ашык шайлоочу добуш берди. Бардык шайлоо участкаларында орой эреже бузуулар катталган жок», — деди ал.

Кармышаков мындай көрүнүш мамлекет шайлоо процессин ийгиликтүү өткөрүп алганынан кабар берерин кошумчалады.