Вице-спикер Бишкектеги 4 райондун аталышын алмаштыруу керектигин айтты

Бишкектеги 4 райондун аталышын алмаштыруу керектигин комитет жыйынында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурбек Сыдыгалиев айтты. 

«Кыргыздын жакшы аттары бар да. Ошолордон коёлу деп жатам. Первомайский, Октябрский дегендер качантан бери келе жатат»,- деди ал.