«Видео 2 жыл мурда тартылган». Абдил Сегизбаевдин жактоочусу кайрылуу жасады

Абдил Сегизбаевдин жактоочусу Кайсын Абакиров Жетим-Тоо кенин иштетүү боюнча интернетте тараган видео тууралуу расмий кайрылуу жолдоду.

«Бул видео эки жыл мурун президенттик шайлоо учурундагы үгүт иштеринин алкагында жарыяланган, видео толугу менен көрсөтүлбөй монтаждалган жана Жетим-Тоону иштетүү боюнча Сегизбаевдин айткандары контексттен  үзүп алынган. Сөзүнүн мааниси жана мазмуну бурмалаган. Сегизбаевдин видеонун таркатылышына эч кандай тиешеси жок жана биз блогерлерди, журналисттерди жана ЖМКларды автордун макулдугусуз маалыматты жарыялабоого чакырабыз, анткени текшерилбеген жана анык эмес маалыматтарды таратуу сот аркылуу материалдык жана моралдык зыяндын ордун толтурууга негиз болуп саналат»,- деп айтылат маалыматта.