«Видео өткөн жылы тартылган». Камчыбек Ташиев тартылган видео тууралуу жардамчысы үн катты

Эки күндөн бери социалдык тармактарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев каарман болгон видео тарап жатат. Видеодо анын жүзүндө бүтүндөй сезимдердин гаммасы чагылдырылган.

Белгилей кетсек, видеодо эркек кишинин үнү менен акын Галина Головандын 1967-жылы жазылган «Я очень не люблю…» ыры окулат.

Бул видео тууралуу анын жардамчысы Өткүрбек Рахманов үн катты. «Эки күндөн бери Камчыбек Ташиевге өткөн жылкы шайлоо учурунда тартылып, жасалган кыска тасманы чыгарып, ар кандай терс сөздөрду жазып, таратып жаткан топ пайда болгону байкалды. Ал тасма биринчиден, өткөн жылы парламенттик шайлоо-үгүт учурунда жасалган. Ал жерде айтылып жаткан сөздөрдүн мааниси Камчыбек Кыдыршаевичтин ошол кездеги — байлык, бийлик артынан кууп, таштап кеткен жоро-жолдоштору, бийликтин колтугуна кирип, сатып кеткен кишилерге карата айтылганын баары билет. Чындык жеңип, Алладан суралган ак баталар орундалып, элибиз менен биргеликте Камчыбек Ташиев сынып калбастан, жалгыз калганына карабастан, өзүнүн тилек-максатына жеткенине баарыбыз күбө болдук. Досум деп эл аралап жүргөн Камчыбек Ташиевдин ошол күндөрү бүтундөй бир чоң тарых болуп калды. Демек, ал роликти бүгүнкү кара пиарыңарга колдонуудан майнап чыкпайт»,— деп жазды ал.