Викрам Рузахунов аны кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин жүрүшү тууралуу айтып берди

Казакстанда музыкант Викрам Рузахуновдун кыйноо фактысы боюнча козголгон кылмыш иши токтотулду. Бул тууралуу ал журналисттерге билдирди.

Рузахуновдун айтымында, коңшу өлкөнүн тергөөчүлөрү соттук-медициналык экспертиза дайындап, анын жыйынтыгы менен тергөө иштери кайра жанданат.

«Мындан тышкары, 2022-жылдн июль айында Ленин РИИБ тергөөнү аяктап, Башкы прокуратурага өткөрүп берген. Аны Казакстанга өткөрүп бериши керек болчу, бирок өткөрүшкөн эмес. Учурда коңшу өлкөдо кылмыш иши токтотулду. Биз азык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз. Кайра жанданганда, кайра барып, тергөө иштерине катышышым керек», — деди ал.