Бүгүн, 2-июлда өлкө башчы Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Владимир Путин менен жолукту.
Путин өлкө башчыга Кыргызстанда орус тилине өзгөчө макам берилгени үчүн ыраазычылык билдирди.
«Кыргызстанда орус тилине өзгөчө макам берилгени үчүн ыраазычылык билдирем. Бул биздин эффективдүү иштөөбүзгө шарт түзөт»,- деди ал.