Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койду

Кыргызстандык Владислав Шулико Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд койду. Сууда сүзүү боюнча спорт чебери 180 чакырымды ийгиликтүү басып өттү. 

Ал көлдү сүзүп өтүүнү 22-августта эртең мененки саат 7:30да Каракол шаарында баштаган. Бүгүн саат 15:25те Балыкчыда аяктады. Уюштуруучулардын айтымында, рекорд сууда сүзүүнүн бардык күндөрүн видеого тартуунун жана сууда сүзүүнү коштоп жүргөн адамдардын тобунун ырастоосунун негизинде түзүлөт. Бул процедура бир нече айга созулушу мүмкүн, анткени ал бардык видеолорду жана документтерди карап чыгуу талап кылат.