Балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова мамлекеттик органдар жана бейөкмөт уюмдар менен биргеликте 1-июнда Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөө боюнча иш-чараларды жыйынтыктады. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.

Игорь Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык сектордун сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен корутунду чыгарылды. Натыйжада мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балдардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу маселелери боюнча жүргүзгөн иштеринин деңгээли төмөн болуп жаткандыгына көңүл буруу зарыл. Мамлекеттик органдардын уюмдарынын жана аймактык түзүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткарбай жаткандыгы аныкталган. Ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрү менен уюмдары, мекемелери ортосунда ведомстволор аралык координациялоо иштери жүргүзүлбөгөндүгү аныкталды.

Жыйынтыгында жооптуу кызматкерлерге, мамлекеттик органдарга жана уюмдарга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

— Военно-Антоновка балдар үйүнүн жетекчилигинин ишин канааттандырарлык эмес деп табуу, Билим берүү жана илим министрлигине аталган балдар үйүнүн ишмердүүлүгүндө жогоруда айтылган бардык одоно мыйзам бузууларга жана балдар үйүнүн тарбиялануучусунун өлүмүнө жол бергендиги үчүн директордук кызмат ордунан бошотуу, ошондой эле балдар үйүнүн башка кызматкерлеринин жоопкерчилигин кароо сунушталсын;

— Бишкек шаарынын Биринчи май районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын жана Чүй облусунун Сокулук районунун Социалдык өнүгүү башкармалыгынын 2014-жылдан бүгүнкү күнгө чейинки иши канааттандырарлык эмес деп табылып, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Бишкек мэриясына маалымкатта көрсөтүлгөн мыйзам бузууларга жол берген бардык жооптуу кызматкерлердин ээлеген кызмат ордуна шайкештигин карап чыгуу сунушталсын;

— Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жана анын аймактагы түзүмдүк бөлүмдөрүнүн балдарды коргоо, камкордукка алуу жана асырап алуу, анын ичинде эл аралык асырап алуу маселелери менен алектенген кызмат адамдарынын ишиндеги коррупциялык факторлорду жана одоно мыйзам  бузууларды көрсөтүү, ата-энесинин камкордугусуз калган балдар жөнүндө Мамлекеттик маалыматтар банкын жүргүзүү жана ал материалдарды андан ары кароо үчүн укук коргоо органдарына жөнөтүү.

Министрлер кабинетине сунушталат:

— Военно-Антоновка балдар үйүнүн ишмердигин натыйжалуу көзөмөлдөбөгөнү үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин жоопкерчилигин карап чыгуу;

— Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын Балдардын иштери боюнча комиссиясынын тийиштүү кызматкерлеринин өз милдеттерин талаптагыдай аткара албагандыгы боюнча жоопкерчилигин карап чыгуу.

— Билим берүү жана илим министрлиги, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги, Ички иштер министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар тарбиялануучу мекемелердин тарбиялануучуларынын ортосундагы мамилелерде мыйзамсыз көрүнүштөрдү аныктоо жана зомбулук фактыларын алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү.

Мындан сырткары, Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Адвокатурасы жана Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбору менен биргеликте тергөө иштеринин бардык этаптарында Богдан Якуниндин кызыкчылыгын коргоо үчүн адис тартуу маселесин чечүү;

Ошону менен бирге эле Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан интернат тибиндеги балдар үчүн мекемелердеги өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча так жол-жоболор иштелип чыгып, аларды иш жүзүнө ашыруу.

Балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якунин 1-июнда көз жумган. Бул тууралуу биринчи болуп балдар укугун коргоочулар лигасынын башчысы Назгүл Турдубекова билдирген. Акыйкатчы институтунан маркум баланын ден соолугу чың болгону тууралуу маалымкаттар бар экенин маалымдашкан. Чүй ОИИББинен маркумдун сөөгүн кароодо зордук-зомбулуктун белгиси табылбаганын айтышкан.