Өспүрүмдүн өлүмү катталган Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн жетекчиси кызматтан четтетилет

Бүгүн, 16-июнда Балдардын укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Жыпариса Рысбекова Военно-Антоновка балдар үйүндөгү тарбиялануучунун өлүмү боюнча көчмө кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушууда Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучусу Игорь Якуниндин өлүмүнүн чоо-жайы каралды. Кеңешмеде өспүрүмдүн өлүмүн иликтөөнү өзгөчө көзөмөлгө алуу, ошондой эле Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинин тийиштүү кызматкерлеринин аракеттери же аракет көрбөгөнүнөн улам келип чыккан кайгылуу окуя үчүн жоопкерчилигин кароо чечими кабыл алынды. Билим берүү жана илим министрлигине Военно-Антоновка балдар үйүнүн директорун тергөө иш-чаралары бүткөнгө чейин кызматынан убактылуу четтетүү, ошондой эле министрликтин кызмат адамдарынын тартип жоопкерчилигин, алардын ээлеген кызмат ордуларына ылайыктуулугун кароо сунушталды. Ошондой эле болуп өткөн трагедияга байланыштуу Военно-Антоновка балдар үйүнүн тарбиялануучуларына, алардын ичинде каза болгон баланын бир тууганына психологиялык жардам көрсөтүү тапшырылды. Ички иштер министрлигине окуяны тыкыр иликтеп, мыйзам чегинде тиешелүү чараларды көрүү сунушталды.