Вокалист, хор артисти Рысбек Абдубачаев көз жумду

Кечээ, 22-сентябрда таланттуу вокалист,Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын хор артисти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Рысбек Абдубачаев узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Ал 1961-жылдын 30-январында Фрунзе шаарында кыргыз театр искусствосунун чолпон жылдыздарынын үй-бүлөсүндө туулган. Рысбек Абдубачаев өзүнүн чыгармачылык жолунда сахнада Фигаронун (“Севильский цирюльник”), Жоробектин (“Аста секин, колукту!”), Ажыбайдын (“Айчүрөк”), Онегиндин (“Евгений Онегин”), Карнеронун (“Цыганский барон”), Дон Жуандын (“Дон Жуан”) жана башка көптөгөн мыкты образдарды жараткан.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 24-сентябрда саат 09:00дө Сүйөркулов көчөсү, 6а дареги боюнча өтөт.