«Яндекс»: Митингге чыккан айдоочулар бизде иштебейт

«Яндекс» такси компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бүгүн, 16-февралда  Өкмөт үйүнүн алдына аларга каршы чыккан айдоочулардын митинги боюнча билдирүү жасады.

Алардын айтымында, бүгүнкү митингге чыккан бирда айдоочу алардын кызматкерлери эмес.

«Бул митинг боюнча биз социалдык тармактар аркылуу гана билдик. Буга чейин айдоочулардын бири да бизге мындай талап менен кайрылган эмес. Митингге чыккан бир канча айдоочунун номерин текшерип көргөнүбүздө, алардын бизге тиешеси жок экени, биздин тапшырыктарды аткарбай турганы аныктадык. Учурда компания кадимки режимде эле иштеп жатат. Айдоочулар күндөлүк тартип менен каттамдарга чыгууда. Тескерисинче өткөн апталарга салыштырмалуу бул жумада кызматыбыздан пайдаланган жүргүнчүлөрдүн саны өскөнү байкалды»,- деп билдирүү таратты компания.

Белгилей кетсек, бүгүн, 16-февралда «Яндекс» такси компаниясына нааразы болгон айдоочулар Өкмөт үйүнүн алдына митингге чыгышкан. Анда алар аталган такси компанияда иштөө оор жана кымбат болуп жатканын айтышкан болчу.