Бишкекте «Яндекс» такси кызматына каршы митинг өтүүдө

Бүгүн, 16-февралда Өкмөт үйүнүн алдына «Яндекс» такси компаниясынын Кыргыз өлкөсүндөгү өкүлчүлүгүнө каршы болгон айдоочулар митингге чыгышты. Бул тууралуу SEREP MEDIA маалымат агенттигинин кабарчысы билдирди.

Маалыматка ылайык, митингге чыккан айдоочулар бийликтен «Яндекс» такси компаниясын өлкөдөн чыгарып, жергиликтүү такси компанияларын өнүктүрүү талабын коюшууда.

Ошондой эле алардын айтымында, сөз болгон такси кызматында айдоочуларга иштөө оор жана кымбат болуп жатат.