Кечээ, 28-июнда Нарында өткөрүлгөн «Кыргыз шырдагы» фестивалынын алкагында туристтер үчүн Салкын-Төр эс алуу аймагына промо-тур уюштурулду. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн маалымдашты.
Туристтер атайын даярдалган аттар менен Салкын-Төр аймагынын төрүнө чейин барып, жаратылыш коюнунда эс алышты. Конокторго «Бай-Төр» ресторанынын ашпозчулары таш кордо улуттук тамагынын даярдалышын мастер-класс кылып көрсөтүп беришти. Даярдалып, аукционго коюлган таш кордону 300 долларга Япониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года сатып алды.