Японияда Жалгыздык маселелери боюнча министрлик иштеп баштайт

Японияда Жалгыздык маселелери боюнча министрлик пайда болду, деп билдирди Кyodo агенттиги.

Премьер-министр Ёсихиде Суга бул министрликтин иши жашоо ишмердүүлүгүн калыбына келтирүү министри Тэцуси Сакамотого жүктөлө турганын айткан. Анын айтымында, мындай чечим коронавирус пандемиясынын таасири астында өз өмүрүнө кол салган адамдар көбөйгөнүнө жана башка көйгөйлөргө байланыштуу кабыл алынды.

Японияда 2020-жылы акыркы 11 жылда биринчи жолу өз өмүрүнө кол салган адамдардын саны өскөн. Бул көрсөткүч 3,7% болуп, 20,9 миң адам өз жанын кыйган.