Япониядагы жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында кыргыздар жок

Япониядагы элчиликтин маалыматы боюнча, Японияда болгон жер титирөөдөн каза болгондордун жана жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандары жок.

Тояма шаарында (жер титирөөнүн очогуна жакын) жүргөн Кыргыз Республикасынын беш жараны үйлөрүнөн жакын жердеги баш калкалоочу жайларга эвакуацияланды. Министрлик жана Япониядагы элчилик кырдаалга мониторинг жүргүзүп, Японияда жүргөн Кыргыз жарандары менен байланышта.

Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын жарандары элчиликке +819063787231 ыкчам телефону аркылуу кайрылуулары зарыл.