Кечээ, 13-сентябрда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарынан үч бөлмөлүү батирдин ачкычын үч эмдин энеси Нуржамал Баатырбек кызына тапшырды.
Нуржамал – Алай районунун Арпа-Тектир айылынын тургуну, төрт баланын энеси. 2024-жылдын 29-ноябрында жарыкка келген үч эмине Мустафа, Муслим жана Муса деген ысымдар коюлган. Жолдошу менен эки жолго түшүп, балдарын өзү багып келе жаткан Нуржамал буга чейин ата-энесинин үйүндө жашап, өз алдынча үй алууга мүмкүнчүлүгү жок эле.