Үч фазаны киргизүүгө уруксат берүү токтотулду

“Түндүк электр” ишканасы 28-декабрдан тартып кийинки жылдын 1-апрелине чейин үй-тиричилиги үчүн үч фазаны киргизүүгө уруксат берүүнү токтотту. Мындай чаралар кыш мезгилинен ийгиликтүү чыгуу жана калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылуудан улам кабыл алынган.

Ишкананын маалыматы боюнча, Чүй жана Талас облусу, Бишкек шаары боюнча суткалык керектөө күн сайын жогорулап жатканы айтылат. Аталган компания декабрь айынын башынан бери абоненттерден электр энергиясын үнөмдөөгө чакырып келет.