Үч округ боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо аяктады

30-июнга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо боюнча №5 Ноокат шайлоо округу, №29 Свердлов шайлоо округу жана №36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча талапкерлерди каттоо аяктады.

Бүгүнкү күндө жалпысынан 29 талапкер, анын ичинде 2 аял  каттоодон ѳтүп, шайлоого катышууда.

44 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 12 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан жана үч талапкерди каттоодон баш тартылган, анын ичинен:

№5 Ноокат шайлоо округу: Мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип жалпысынан 12 талапкер арыз берген, 9 талапкер катталган, анын ичинен 1 аял талапкер, 3 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан.

№5 Ноокат шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси:
1. Марипов Бакытбек Асамидинович;
2. Абдивалиев Артыкбай Турабидинович;
3. Кудайбердиев Элдар Абдималикович;
4. Кыланов Касымбек Омурбекович;
5. Айдосов Айболот Абдурахманович; 
6. Ажикулов Бакытбек Тургуналиевич;
7. Дуванаева Гулнара Качыбековна;
8. Толонбаев Санжарбек;
9. Абдикеримов Каныбек Айдарович.

№29 Свердлов шайлоо округу: Жалпысынан 12 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 5 талапкер, анын ичинен 1 аял талапкер катталган, 5 талапкер шайлоого катышуудан баш тарткан, эки талапкерди каттоодон баш тартылган.

№29 Свердлов округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси:
1. Алмаз уулу Аскар;
2. Сапарбаев Чынгыз Сатыбалдыевич;
3. Салымбеков Жумабек Мамытбаевич;
4. Карамушкина Ирина Юрьевна;
5. Турпанов Милан Калыбекович.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу: Жалпысынан 20 талапкер мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу ниетин билдирип арыз беришкен, 15 талапкер катталган, 4 талапкер шайлоого катышуудан баш тартты, бир талапкерди каттоодон баш тартылган.

№36 Ысык-Көл шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмеси:
1. Мазымканов Атабек Дюшенович;
2. Момбеков Бактыбек Карыпович;
3. Мукамбетов Джакшылык Мамбетказиевич;
4. Асипов Самат Баялиевич;
5. Тыналиев Айжигит Казакбаевич;
6. Усенгазиев Темирболот Усенгазиевич;
7. Турусбеков Бактыбек Сагындыкович;
8. Турсунакунов Сулайман Сагынбекович;
9. Сартманов Мухтар Аликович;
10. Тукунов Аманат Шакирбекович;
11. Кадыров Кубанычбек Бекбосунович;
12. Тентимишев Султан Таалайбекович;
13. Есенгулов Руслан Урустанбекович;
14. Искаков Эртай Дуйшобекович;
15. Мамбетов Малик Кусеинович.