Үчүнчү баласы төрөлгөн үй-бүлөгө 3 жылга чейин жөлөк пул берүү сунушталууда

Үчүнчү баласы төрөлгөн үй-бүлөгө 3 жылга чейин жөлөк пул берүү сунушталууда “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.

Мыйзам долбоору алыскы, бийик тоолуу жана шарты катаал райондордогу, өзгөчө макамы бар чек ара аймактарындагы элдүү пункттарда жашаган үй-бүлөлөрдү колдоо максатында иштелип чыккан. Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат белгилегендей, мыйзам долбоорунда Конституциясынын нормаларын эске алуу менен үчүнчү баласы төрөлгөн үй-бүлөгө 3 жылга чейин ай сайын жөлөкпул берүү сунушталууда.

Аны менен катар эле комитет демилгечилери Адахан Мадумаров жана Гуля Кожокулова болгон “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун да экинчи окууда карады.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева бул эки мыйзам долбоорунун максаты бир болгондуктан Комитет аталган мыйзам долбоорун бириктирип кароону сунуштап жатканын белгиледи. Талкуудан соң айтылган сунуш колдоого алынды.