«Үчүнчү кол кимдики?». Интернетте китептин түзүүчүлөрүн издеген жаран көпчүлүктү күлдүрдү

Сүрөтү туура эмес басылган китептин кезектеги видеосу социалдык тармактарга тарады. Анда 3-класстын окуучулары үчүн даярдалган «Дил азык» китебинин ичиндеги сүрөттө үчүнчү кол тууралуу кеп болот. Видеонун автору «китеп басыларда бир карап, текшерип койсо болот беле?» деген.

Тагырагы бала менен чоң атанын сүрөтүндө үчүнчү кол ашыкча тартылып калган. Аталган китеп «Илим пресс» басмаканасында басылган.