Үчүнчү толкунга даярдык. Жеке лабораторияларда ПЦР-тесттин, КТ жана R-графия тейлөөсүнүн баасы арзандатылат

Биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменини алкагында өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык абал, ооруканаларды дары-дармек каражаттары, медициналык кызматкерлер, жабдуулар менен камсыздоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды. Бүгүнкү күндө жеке лабораториялардагы ПЦР-тестирлөөнүн баасын 30 пайызга, же 2300 сомдон 1600 сомго чейин төмөндөтүү тууралуу макулдашууга жетишилди. Айрым медиаборборлордо калк үчүн компьютердик томографиянын, санариптик R-графия тейлөөсүнүн наркы 20 пайызга чейин төмөндөтүлөт. Ошондой эле калкка аталган тейлөөнү көрсөтүү үчүн жеке борборлордогу күнү-түнү күзөт аныкталган. Жакынкы айларга карай COVID-19ду дарылоо үчүн дары-дармек каражаттарына баалар турукташтырылат. Башка жашоо үчүн маанилүү дары-дармектерге бааны төмөндөтүү жана тоңдуруу боюнча иштер жүрүүдө.

Артём Новиков ооругандарды көзөөмөлдөө, аларды аныктоо боюнча мониторингдин жана оору жугузуп алган жактардын үй карантинин сактоосун көзөмөлдөө начар жүргүзүлүп жаткандыгын белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө саламаттык сактоонун биринчи деңгээли жана «кызыл зона» ортосундагы өз-ара аракетешүүнүн так механизми түзүлгөн эмес. Оорулууларды дартын аныктоого кабыл алышпайт.

Жыйындын соңунда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине бир катар тапшырмалар берилди. Тактап айтканда, 13-апрелге чейин саламаттык сактоонун биринчи деңгээлиндеги медкызматкерлеринин коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарга медициналык көмөк көрсөтүү боюнча ишинин алгоритмин иштеп чыгуу тапшырылды. Буга катар ведомствого 13-апрелге чейин Бишкек жана Чүй орблустарынын 118 кызматынын базасында психолологиялык көмөккө муктаж болгон бейтаптар үчүн психологдун консультациясын уюштуруу; бир жумалык мөөнөттө бардык саламаттык сактоо уюмдарында коронавирустук инфекция менен ооругандарды эсепке алуу боюнча бирдиктүү электрондук реестр ишке киргизүү; сунушталып жаткан грант жана техникалык көмөк көрсөтүү алкагында меджабдууларды сатып алуу боюнча бардык процедураларды жыйынтыктоо жана алардын өз учурунда алынып келинишин камсыздоо тапшырылды.

Кыска мөөнөттө Ош, Талас жана Нарын шаарларында жаңы жугуштуу ооруканалар ооруканасын куруу иштери жыйынтыкталып, аймактарда 10 вирусологиялык лабораторияларды куруу боюнча иштер башталышы керек.  Үч күндүк мөөнөттө өлкө боюнча саламаттык сактоо уюмдарындагы борбордоштурулган суюк кычкылтек берүү тутумунун ишин жана коопсуздугун текшерүү зарыл.