«Үй алам». Кыргызстандык кыз орус блогерден уткан унаасын канча миллион рублга сатканын айтты

Кыргызстандык Сауле Балабекова орусиялык блогер Надин Серовски ойноткон оюнда BMW үлгүсүндөгү унаа утуп алды. Олжолуу болуп турган Балабекова эмоциясы менен бөлүштү.

«Унаа абдан кымбат болчу. Өзүлөрү 4 миллион рублга алган экен. Мен андай унааны айдай алмак эмесмин. Анын тетиктери да жок экенин айтышты. Мен ошол акчага батир алам деп ойлодум. 3 миллион рублга саттым. Менин чечимим болду», — деди ал.