«Үй-бүлө менен кантип көрөт?» Депутат ТикТок жаштарды жаман жакка буруп жатканын айтты

ТикТок биздин жаштарды жаман жакка бура турган болду окшойт. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов билдирди.

«Маданият министрине тапшырма берип, ТикТоктун жаман жакка бурмалап жатканы боюнча иш алып барбайсыңарбы? Уят го эми. Үй-бүлө менен кантип көрүп жатат? Бул жерде биздин мамлекеттин улуттук идеологиясы да болушу керек да. Ошону карап жаткан тармак эмне кылып жатат? Өзбекстан менен Казакстанда андай жок да. Ушуга көңүл буруп койсоңор»,- деди ал.