Үй-бүлөсүнө басым жасаган делген УКМКнын кызматкери кызматтан убактылуу четтетилди

Кечээ, 6-апрелде жалпыга маалымдоо каражаттарында А.О. аттуу жаран үй-бүлөсүнө басым жасаган УКМКнын кызматкери Б.Р.ге карата чара көрүүнү өтүнүп мамлекет башчысына кайрылганы тууралуу маалымат жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Бул кайрылууга байланыштуу УКМК ыкчам тартипте көрсөтүлгөн кызматкердин айтылган фактыларга тиешеси бар-жогун текшерүү боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүздү. Анын жыйынтыгы боюнча УКМКнын жетекчилиги тарабынан бардык жагдайлар толук аныкталып, Аскер прокуратурасы тарабынан укуктук баа берилгенге чейин тергөө иш-чаралары жүрүп жаткан мезгилде Б.Р.ди ээлеген кызматынан убактылуу четтетүү чечими кабыл алынды.