«Үйдө болууга аракет кылгыла». Мэрия Ош шаарынын тургундарына кайрылды

Ош шаарынын Кулатов, Төлөйкөн, Анар, Курманжан датка, Достук, Черемушки кичи райондорунун, Туран, Көкүмбий, Авиагородок, МЖК-2 конуштарынын, Алимбеков, Ленин көчөлөрүнүн жана Жийделик №70 көп кабаттуу турак үйүнүн жашоочуларына Ош мэриясы кайрылуу жасады.

«Оштогу муниципалдык «Жылуулук камсыздоо» ишканасы 28-29-сентябрь, дем алыш күндөрү жылуулук энергиясын жеткирүүчү түтүктөрдү сыноо үчүн гидравликалык сыноо жүргүзөт. Гидравликалык сыноонун экинчи этабы 5-6-октябрь, дем алыш күндөрү жогорку басым менен жүргүзүлөт.

Жукарган түтүктөрдөн жана батирлердеги радиаторлордон суу чыгып кетүү авариялык жагдайды пайда кылышы мүмкүн. Ошондуктан, жогоруда көрсөтүлгөн күндөрдү эске алып, мүмкүн болушунча үйүӊүздөрдө калууну, жумушуңуздар болсо, жакындарыңыздарга дайындап, батирлериңиздерди көзөмөлсүз калтырбоону суранабыз», — деп айтылат маалыматта.