Үйдүн алдынан ымыркай тапкан келин: «14 жылдан бери балалуу боло албай келем. Ушул баланы багып алсам дейм»

Буга чейин Биринчи Май РИИБ маалымат таратып, Бишкекте үйдүн алдына жаңы төрөлгөн ымыркайды таштап кетишкенин билдирген.  Аталган факты боюнча териштирүү иштери башталган. Ымыркай Биринчи Май районундагы Үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилген. 

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ымыркайды үйүнүн алдына таштап кеткен Зарина Манабжанова менен сүйлөштүк.

«Окуя 17-октябрда саат 18:00 чамасында болду. Эжем да жакында эле төрөгөн, ал базарга кеткенде баласын карап жаткам. Кошунанын баласы келип, эшикти тыкылдатып, «балаңар эшикте ыйлап жатат» деди. Кантип деп эле эшикке чыксам, чын эле бала жатыптыр. Жуурканга оролгон экен. Мен нес болуп калдым. Аябай жаман болуп, ыйладым. Мен 14 жылдан бери балалуу боло албай келем, аябай сүйүндүм. Бурулушта кара куртка кийген аял туруптур, мени көрүп туруп, качып кетти. Бала тоңуп калыптыр. Эжемдин баласынын кийимдери менен алмаштырдым. Сүт берип, уктатып койдум. 10 мүнөттөн кийин социалдык коргоо келди. Мен аларга аябай жалдырадым, «баланы мага бергилечи» деп. Болбой алып кетишти. Болжолдуу эжем экөө бир палатада жаткан окшойт. Мен эжемди көргөнү барганда сүйлөшчүмүн. ЭКО жасатсам да болбойт дечүмүн, балким ошондон угуп, артымдан келгендир. Жолдошум менен балалуу болбой ажырашып кеткенбиз. Менин шарты менен үйүм бар. Ата-энем менен жашайм, баланы мага беришсе жакшы болмок»,- деди келин.