«Ыйлап келген». Ташиев министрди коркуткан бандит тууралуу айтты

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ноокаттагы эл менен жолугушуу учурунда 2 жыл мурун ага министр ыйлап барганын айтты.

«Мага «кечээ бандиттердин чоңу чалып, могуну кылбасаң бала-чакаңды карайсың, көрөсүң, азабын тартасың» деп коркутту. Арызымды жазып кетейин» деп келиптир»,- деди ал.

Ал аткаминерди өзү калкалап, аягында “үй-бүлөсүнө зордук көрсөтөм” деген бандит жок кылынганын айтты.