«Үйлөмө кайык ала чыккыла». Бишкектин көчөлөрүндөгү абал (видео)

Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектин Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолдо агып жаткан суунун видеосу менен бөлүшүп жатышат.

Ал арада Ала-Арча суусу жээктен чыкканын жазышып, резиденцияга баруучу жолду да суу каптап жаткан видео менен бөлүшүштү. Колдонуучулар тамашалап, «үйлөмө кайык ала чыккыла, көчө көлгө айланды» деп жазышууда.