Үйлүү болгон SUPERTV’нын каарманы: «Эл жардам бере баштаганда, жалгыз эмес экенимди сездим»

Ушул жылдын башында биздин телеканал 6 баланын энеси Элнура Курманованын тагдыры менен тааныштырган эле. Видеодо каарманыбыз жолдошу таштап кеткенин айтып, элден жардам суроого аргасыз болгонун кошумчалап, реквизиттерин калтырган. Арадан көп өтпөй жалгыз бой эне кайрымдуу адамдар берген каражатты топтоп, 1 миллион сомго үй алганын айтты. Биз каарманыбыздын жаңы үйүнө барып келдик.

«Видео чыккандан 2 сааттан кийин эле көмүр, азык-түлүк келе баштады. Мен жалгыз эмес экенимди билдим. Коргой турган, колдой турган элим бар экен. АКШ, Орусия, Кореядан чалып жатышты. Мен элимден эмес, өкмөттөн жардам алам деген ой менен чыккам. Акча сала баштаганда, алдамчыларга да туш болдук. Акча түшөт, алдырып коюп жаттык. Башында үйдү 15 миң доллар деген, силердин канал аркылуу апа да таптым. Ошол апа ортого түшүп жатып, 1 миллион 200 миң сомго сатып алдык. 200 миң сом бере элекпиз. Орозодон кийин кутулабыз дедик. Бул жакшылыкты өмүр бою унутпайм», — деди ал.