Үйү өрттөнгөн экс-депутат Ыргал Кадыралиева: «Үйгө бир нерсе ыргытканга мүмкүн эмес»

10-ноябрда Бишкектин Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккан. Өрттөнгөн үй экс-депутат Ыргал Кадыралиеваныкы экени маалым болгон. Экс-депутат учурда элдин жардамына муктаж экенин айтат.

«Буга чейин 2 компания келип, үй курабыз деп жерди сатууну суранган. Менин үйүм дарбазадан алыс, бир нерсе ыргытканга мүмкүн эмес. Бул кырсык деп эле ойлойм. Кошуналарыма рахмат. Кийим, байпак алып келип беришти. Эл бар экен. Ыраазымын», — деди ал.