«Үйүн жери менен мэрия алган». Акыйкатчы 26 жылдан бери соттошуп келе жаткан караколдук аялдын укугун коргоого чакырды

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды Каракол шаарынын тургуну Сурия Матниязованын бузулган укуктарын камсыздоого чакырат.

1997-жылы Каракол мэриясы мамлекеттин муктаждыгына деп анын жер тилкесин турак үйү менен муниципалдык менчиктин карамагына алган. Анын ордуна мэрия ага батир берген. Бирок кийин менчиктештирүүнү негиз кылып, аталган батирди талашкан башка адамдар пайда болгон. Аял ошол убакыттан тартып, 26 жылдан бери соттошуп келет. 2008-жылы сот Матниязованы бул батирден чыгаруу чечимин чыгарып, бирок мэрияны Каракол шаарынан аны турак-жай менен камсыз кылууну милдеттендирген.

«Ага карабастан, ушул кезге чейин соттун чечими аткарылбай келет. 2020-жылы 3-мартта Каракол шаарынын прокуратурасы укук бузууларды жоюу тууралуу сунуш чыгарган. Бирок Матниязованын айтымында, 1997-жылы мэрия алган жер тилкеси менен үйүнүн ордуна башка турак-жай ала албай келет. Анын айтымында, ал Каракол мэриясынын имаратында баш калкалоого мажбур.

Матниязова Акыйкатчынын жеке кабылдамасында бир нече жолу болуп, институттун кызматкерлери анын соттук отурумдарына мониторинг жүргүзүп келишет. 2023-жылдын ноябрь айында Акыйкатчы Ысык-Көл облусунун эли менен жолугушуу учурунда, президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүн Матниязованын укуктарын камсыздоого чакырган.

Өз кезегинде ыйгарым укуктуу өкүл, абалды өз көзөмөлүнө алаарын айткан. Ошентсе да, мэрия соттун чечимин аткарбагандыгын жана ал дагы деле турак-жай ала электигин айтып, Матниязова мартта Омбудсмендин жеке кабылдамасына кайрадан келген. Акыйкатчы мамлекеттик органдарды соттун чечимин жана прокурордун сунушун аткарууга, ошондой эле, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууга чакырат», — деп айтылат маалыматта.