«Үйүн сатып жиберишкен». Кара-Суунун акими Ташиевден жардам сураган 9 балалуу үй-бүлө боюнча маалымат берди

31-августта Барпы айылында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге 9 балалуу үй-бүлө кайрылып, жашоого үйү жок экенин айткан. “Оштон келдик. Үч күндөн бери артыңыздан жүрөбүз”, — деген аял.

Төрага үй-бүлө башчысынын алты саны аман туруп, жардам сураганына ачууланган. Акырында үй-бүлөгө жер тилке бөлүп берүүнү тапшырып, үй салууну караштырарын айткан. 

Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев бул үй-бүлө тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2023-жылы үй-бүлөгө Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнөн бекер жер берилген. Жергиликтүүлөр, демөөрчүлөр эки бөлмөлүү үй куруп беришкен. «Бирок 2024-жылы ал үйүн сатып, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө жайыт жерге үй салып көчүп келип алышкан. Ошого карабай аларга ошол айылдан жер берүү каралып жаткан», — деди аким.