«Үйүнөн чыккан боюнча кайтып барган эмес». Балыкчыда 18 жаштагы Азим Садырбеков изделип жатат

Балыкчыда бир жумадан бери дайынсыз болуп жаткан 18 жаштагы Азим Садырбеков изделип жатат. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 13-августта болжол менен саат 11:00 чамаларында үйүнөн чыгып, бүгүнкү күнгө чейин кайтып барган эмес.

Белгилери: бою 165-170 см., көздөрү кара, арыкчырай дене түзүлүштө, ак жумал, желкесинде тоголок формада калы бар.

Кийген кийими: ак футболка, кара жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.

Кимде ким, өспүрүмдүн кайда жүргөнү жөнүндө маалыматы болсо, Балыкчы ШИИБге: (03944) 3-27-03,  0700 55 90 98, 0551 26 79 97, 0509 24 24 44 же «102» кызматына билдирип коюну суранышат.