Үйүңүздө жылуулук же ысык суу жокпу? Мэрия кайда кайрылуу керектигин айтты

Бишкек шаарын жылуулук менен эки мекеме камсыздайт: “Бишкек жылуулук энерго” коммуналдык ишканасы жана “Бишкек жылуулук тармагы”.

Абанын температурасынын төмөндөшүнө байланыштуу мекемелер күчөтүлгөн иштөө режимине өттү. Нөөмөттүн графиги түзүлүп, кошумча ыкчам кызматтар уюштурулду.

“Бишкекжылуулуктармагы” жылуулук менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча керектөөчүлөрдү колдоо борборуна кайрылсаңыздар болот: (0312) 61-11-69, 1980, 0557 611166, 0777 611166, 0701 611166;
Диспетчердик кызмат: (0312)56-85-58;
Борбордук райондун Үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери (0312) 36-57-19, 30-07-67;
Түштүк райондун Үй ичиндеги системалар боюнча кезметчи инженерлери: 51-06-22, 21-74-06.

«Бишкек жылуулук тармактар» коммуналдык ишканасы тейлеген абоненттер үчүн ишеним телефонунун номерлери:
— Саат 8:00дөн 17:00гө чейин диспетчердик кызмат: (0312) 21-28-44;
— 24 сааттык жөнөтүү: (0312) 21-29-06; ошондой эле мекеменин WhatsApp номери боюнча: 0701 777 110.