Үмбеталы Кыдыралиев депутаттык мандатын тапшырды

Жогорку Кеңештин депутаты Кыдыралиев Үмбеталы Токторалиевичтин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Мындай чечимди кечээ, 17-августта Борбордук шайлоо комиссиясы кабыл алды.

Үмбеталы Кыдыралиев парламентте «Республика—Ата Журт» фракциясынын курамында болчу. Анын депутаттык күбөлүгү жараксыз деп табылды. Мындай чечимге Кыдыралиевдин «Кыргыз алтынга» жетекчи болуп дайындалышы себеп болду.