«Үмүтүбүз үзүлө элек». Аламүдүн коктусунда жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө иштери токтотулду (видео)

Аламүдүн коктусунда жоголгон 28 жаштагы жигитти издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

23-январда Аламүдүн капчыгайында дайынсыз жоголуп жаткан 28 жаштагы жаран кечки саат 18:00гө чейин изделди. Кечки жыйында Маматаалы уулу Мухамедаалынын жакын туугандарынын куткаруучуларга карата билдирген ыраазычылыгы менен активдүү издөө иштери аяктады.

14-январда Маматалы уулу Мухамедаалы үйүнөн чыгып, акыркы жолу ошол түнү саат 02:00дө байланышка чыккан. Ошондой эле Аламүдүн капчыгайында «Жаннат Резорт» мейманканасынын камерасынан тоо жакты көздөй бара жатканы аныкталган.

Анын жакындары куткаруучуларга ыраазычылык билдиришип, үмүтү үзүлө электигин айтышты. «Балким табылбай калганы деле жакшы болду, балким аман-эсен шаарда жүрөт. Үмүтүбүз үзүлө элек», — дешти жакындары.