«Үмүтүбүздү үзбөйбүз». Чоң Чүй каналынан изделип жаткан 3 жашар баланын атасы элден жардам сурады

Ысык-Атанын Дружба айылынан аккан Чоң Чүй каналынан 3 жашар бөбөк изделип жатат. Буга чейин милиция маалымат берген.

«19-августта саат 18:46 чамасында милицияга Ысык-Ата районунун Дружба айылында 2021-жылы туулган бала үйүнөн чыгып кетип, кайрылып барбаганы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты катталып, ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге дароо жөнөп кеткен. Иш-чаранын жүрүшүндө Чоң Чүй каналынын жээгинен ага таандык бут кийим табылып, азыркы учурда ӨКМ кызматкерлери менен биргеликте 3 жаштагы баланы издөө иштери жүрүүдө», — дешкен.

Социалдык тармакта атасымын деген кишинин кайрылуусу тараган. Ал уулу 19-августтан бери дайынсыз болуп жатканын айтып, издөө иштерине жардамдашып жаткан жарандарга ыраазычылык билдирген. Атасы кайра кайрылуу жасап, анын уулу дагы эле табыла элек экенин айтып, элден жардам сурады. «Биринчиден, келип издөө иштерине жардам берип жаткандарга ыраазычылык билдирем. Бирок Амирди табууга мүмкүн болгон жок. Биз үмүтүбүздү үзбөйбүз. Мен видеону көрүп жаткандандардан суранам. Келип, издешип коюңуздар. Баарыңардан суранам», — деди ал.