«Ыңгайлуулук үчүн». Бишкектеги калкты тейлөө борборунда эмдөө пункту ачылды

Жарандардын ыңгайлуулугу үчүн Бишкектеги Калкты тейлөө борборунда коронавируска каршы эмдөө пункту ачылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка карганда, жаңы убактылуу эмдөө пункту Бишкек шаарындагы Жибек Жолу 381 дареги боюнча жайгашкан “Эльдорадо” соода борборунун эски имаратында ачылган.

«Бул жарандардын убактысын үнөмдөө үчүн жасалган – эми жарандар документ иштерин жүргүзүүгө жана вакцина алууга мүмкүнчүлүгү бар»,— деп айтылат маалыматта.

COVID-19га каршы эмдөөнү 18 жаштан жогору бардык жарандар өтө алат. Эмдөө пунктуна паспорт менен кайрылуу зарыл.

Аталган КТБда 41 кызматкер эмгектенип, бир күндө 1000 – 1200 адамды тейлейт. Эмдөө бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен жүргүзүлөт.