“Ынтымак” фракциясынын депутаттары Нарын облусундагы иш сапарынын алкагында Ак-Талаа районундагы бир катар бала бакчалардын курулуш иштеринен кабар алды.
Фракция лидери Марлен Маматалиев баштаган депутаттар Балбак Түлөбаев, Лейла Лурова, Мурадил Сыдыков, Аида Исатбек кызы, Эрулан Кокулов жана Бакыт Тентишев алгач Тоголок-Молдо айыл аймагына караштуу Кара-Ой айылындагы “Адис-Адилет” бала бакчасынын курулуш иштери менен таанышты. Айылдагы 80 орундуу бала бакча 2010-жылы ачылган. Бирок имараттын эскилиги жетип, аны менен бирге балдардын саны да көбөйгөнүнө байланыштуу жаңы бала бакча куруу негизги муктаждыктардын бири болуп келген. Мындан улам 2024-жылы сметалык наркы 100 миллион сомду түзгөн тендер жарыяланып, учурда 120 орундуу заманбап бала бакчанын курулушу кызуу жүрүүдө.
Ошондой эле фракция мүчөлөрү Баетов айыл аймагына караштуу Баетов айылындагы 240 орундуу бала бакчанын курулушунан да кабар алышты. Жалпы наркы 186 миллион сомго жеткен бул жай колдонууга берилсе Нарын облусундагы эң ири бала бакчалардын бири болот. Жасалып жаткан иштерди жеринен көргөн депутаттар эң башкысы сапатка көңүл бурууга жана ишти белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө чакырды. Муну менен катар келечекти эске алып, бала бакчалардын көп орундуу болуп салынып жатышы туура нерсе экенин белгилеп өтүштү.
Эл өкүлдөрүн иш сапарда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана жергиликтүү бийлик башчылары коштоп жүрөт.