«Ынтымак ордого» кирүү тартиби катаалдашты

Президенттин администрациясынын жаңы имаратын көрүүнү каалагандар өтө көп болгондугуна жана бир учурда бардыгын киргизүү мүмкүн болбогондугуна байланыштуу экскурсияны уюштуруу тартибине өзгөртүүлөр киргизилет. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагозов билдирди.

«Бул бүгүнкү биринчи күндүн жүрүшүндө пайда болгон маселелерди эске алуу менен “Ынтымак Ордого” экскурсияга барууну каалагандар 3-сентябрдан тартып Абдумомунов 207 дарегинде жайгашкан президенттин администрациясынын мурдагы имаратынын түндүк-батыш тарабындагы (Фрунзе-Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши) өткөрүү бюросуна барып кезекке туруусу керек. Ал жакта операторлор сиздерди каттоого алып, “Ынтымак Ордосуна” саат канчага бара аларыңызды айтышат. Мурдагы Өкмөт үйүнүн жанында атайын автобустар болот (Абдумомунов 207) жана экскурсияга ошол автобустар менен алып барып, кайра эски аянтка алып келишет. Ар тараптан келген адамдардын электрондук кезегин карап, операторлор сиздерге автобуска канчада чыгарыңызды айтып беришет. Мисалы, эртең менен 10дордо келсеңиз түштөн кийин төрттө же үчтө, же эртең түшкү он экиде автобус менен чыгасыздар деп түшүндүрүп беришет. Антпесе бүгүнкү тажрыйба көрсөткөндөй кишилердин көптүгүнөн экскурсия жасоону каалагандар ортосунда талаш-тартыш жаралууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин тараткан маалыматта иш күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин өздүгүн тастыктоочу документ менен келип “Ынтымак Ордону” көрүүгө болот эле. Бир учурда 20 мейман кире алат болчу.