Ырчы Айдана Дека көз жарды

Ырчы Айдана Дека экинчи ирет апа болду. Ал мындай кубанычтуу жаңылыгы менен Инстаграмдагы баракчасы аркылуу бөлүштү.

«Менин жашоомдогу чыныгы кутман таң! Сүйүнчү мен көз жардым. Кош келдиң, кызым«,- деп жазды ал.

Маалыматка караганда, Айдана Дека бүгүн саат 05:15те көз жарган. Ымыркайдын салмагы 3 килограмм 550 грамм болсо, бою 52 сантиметр.

Эске салсак, ырчы Аваз Акимов экөө 2019-жылдын март айында үйлөнүшкөн. Жаш түгөйлөрдүн тун кызынын аты Ариана.