Ырчы Бакас: «Бекжан Темирхан үйлөнгөнүн көп кишиге айткан эмес. Экөө көп жылдан бери сүйлөшчү»

10-ноябрь күнү «Ай, ай, эзилип бүттүм» деген ыр менен калың журтка таанылган ырчы Бекжан Темирхан жол кырсыгынан каза болгон. Жол кырсыгына күбө болгон маркумдун жакындары окуя кандай болгонун эскеришти.

«Үйлөнгөнүн көп кишиге айткан эмес. Көп сырын деле көпчүлүккө айта берчү эмес. Жакындары менен кудага чогуу бардык. Сыйын көрдүк. Келинчеги менен көп жылдан бери сүйлөшчү. Экөө чогуу окушчу. «Жакшы жаңылык болуп жатат, чыгарып коелу» десем болбой койгон. «Менин жакын адамдарым көп, той бергенге шартым жок» деди. Бул тагдырга жазылган да»,- деди Бакас.