Ырчы Эмил Балтагуловдун апасы көз жумду

Кечээ, 1-октябрда ырчы, Жалал-Абад облустук филармониянын жетекчиси Эмил Балтагуловдун апасы көз жумду. Бул тууралуу аталган филармониядан билдиришти.

«Эмил Балтагуловдун апасы Ырыс энебиз оорудан улам каза болду. Бул күтүүсүз жоготуу баарыбыздын кабыргабызды кайыштырып турат. Ушуга байланыштуу Эмил Аширбековичке, жубайы кесиптешибиз Гүлгүнай Жумабековага, үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз», — деп айтылат кесиптештеринин көңүл айтуусунда.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Эмил Балтагуловдун үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтат.