Ырчы Кайрат Примбердиевдин мурдагы жубайы Эля Бегалиева «Эме-шоу» Ютуб каналына маек берди. Ал маегинде ырчы мырза экөө 23-майда расмий түрдө ажырашканын айткан.
«Мен анын үйлөнө турганын укканда экөөбүз таптакыр эки башка жолго түштүк. Өзү келип, үйлөнө турганын айтты. Мен жаман болуп, «Эмнеге мага талак бербей жатасың?» деп сурадым. Бул учурда мен «өлүп тирилдим». Мени таштап кеткенден кийин 1 ай өткөндөн кийин биринчи жолу келип, «Эля, көрсө мен сени сүйөт экем» деген. Мен сени сүйөрүмдү далилдеп, эч качан үйлөнбөйм деген. Сен ошондо түшүнөсүң деп айткан. Анан 1 айдан кийин үйлөнөрүн айтып келди. Мен буга чейин ойноп-күлүп жүрүп, кайтып келет деп ойлогом. Анын үй-бүлөсүнө да таарынычым бар. Анткени алар кучак жайып тосуп алышты (ред. болжолдуу жаңы үйлөнгөн жубайы) да. Мен кайнене болсом, «ооба, жубайың мага жакпайт, бирок балдарыңар бар да» деп айтмакмын. Улуу балам эки жолго түшкөнүбүздү катуу кабыл алды. Мен өзүнө деле «Нурлан Насип менен Мирбек Атабеков эркегирээк экен» дегем. Анткени алардын үйлөнбөй жүргөнү мурдагы жубайларына карата болгон урмат да. Эки жолго түшкөн аялга убакыт бериш керек. Биздин эки жолго түшкөнүбүзгө 4-5 ай болгондо… Балким мага сүйүүсүн арнап жатканда капталда сүйлөшүп жүрүшкөн. Мен аны менен тааныш эмесмин. Капыстан 2 жолу көрүшүп калгам. Мен «шикарныймын». Аны менен сүйлөшпөйм, кереги жок«,- деди ал.