Ырчы KG Элмурат УКМКга чакыртылганын билдирди

Ырчы KG Элмурат УКМКнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгына чакыртылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги ырчы менен байланышканыбызда билдирди.

Ал саат 15:00гө чакыртылган. Анын айтымында, бул «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү болгондуктан жана камактагы депутат Адахан Мадумаровду колдоп жатканы үчүн болушу мүмкүн.

KG Элмурат саясатчы Адахан Мадумаровду колдоо митингдерине активдүү катышып келет.