Ырчы Нелянын апасы пневмония илдетинен каза болду

Кечээ, 15-ноябрда ырчы Нелянын апасы Алиман Кошалиева каза болду. Маалыматты ырчынын жакындары тастыктады.

Белгилүү болгондой, ал пневмония илдетинен каза болгон.

Айта кетсек, кечээ ырчы Неля социалдык тармактагы баракчасына апасы ооруп жатканын жазып, элден дуба тилеп турууну суранган.

“Апаңдын ден-соолугу, абалы кандай болуп калды? – деп тынчсызданып, жакшы тилектерди жазып сураганыңыздарды окуп аябай ыраазы болдум, ырахмат. Бирок апамдын абалы азыр өтө оор. Алланын ырайымы, мээрими менен буюруса бардыгы жакшы болот деген үмүтүм бар. Силерден болгон суранычым алакан жайып апама дуба кылып коюңуздарды өтүнөм. Эч ким оорубасын”, – деп жазган ал.

Ырчы Нелянын апасы буга чейин Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде эмгектенип келген.

Алиман Кошалиеванын мезгилсиз дүйнө салганына байланыштуу SUPER TV`нын эмгек жамааты ырчылар Урмат Усенов менен Нелянын үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.