Ырчы Нурлан Насип жана депутат Айгүл Айдарова менен чырдашкан жол тескөөчү кызматтан алынды

Буга чейин соцтармактарга ырчы Нурлан Насиптин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери менен чырдаша кеткен видеосу тараган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Милициянын кайгуул кызматынан окуя боюнча маалымат беришти. Окуя 20-мартта болгон. Ошондой эле кызматкердин Нурлан Насип менен эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова менен да чырдашканы маалым болду.

«Ырчы Нурлан Насип жана депутат Айгүл Айдарова менен чырдашкан кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, ага кошо үч кызматкер тартиптик жазага тартылды. Социалдык тармактарда жарык көргөн видео материал боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлдү. Анда 20-мартта ырчы Нурлан Насип менен чырдашкан кызматкер 3-апрелде Айгүл Айдарова менен да чырдашууга жол берген. Ошол видео тасмалар боюнча кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлүп, жыйынтыгында ошол кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулуп, ошол күндөрдөгү жанындагы шериги, жоопту кызматкер, командир взводу тартиптик жазага тартылды», — дешти алар.