Ырчы Нурлан Насиптин Милициянын кайгуул кызматкери менен чырдаша кеткен видеосу тарады

Ырчы Нурлан Насиптин Милициянын кайгуул кызматынын кызматкери менен чырдаша кеткен видеосу тарады. Видео качан тартылганы белгисиз. Аны активист Эртай Искаков соцтармактагы баракчасында жарыялады.

Видео дээрлик 6 мүнөттөн ашык убакыт тартылган. Анда жол тескөөчү ырчыны токтотуп, анын документтерин сураганы, документин алган соң, аны кайра бербестин чарасын көргөн. Ал муну пландык рейд деп түшүндүргөн. Экөө чырдашып, акырында ырчыны коё беришкен.