Ырчы Сагын Эргешовдун атасы оорудан улам каза болду

Ырчы Сагын Эргешовдун атасы оорудан улам каза болду. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Алтынай Нарбаева соцтармактагы баракчасына жазды.

«Узак оору менен алышып, баары бир шум ажал Сагын Эргешов уулубуздун атасы, Эргеш атабызды алып кетти. Сагын балам, абдан аракетиң күч болду, операция да жасаттың, жардамын бербеди. Атанын уулу деген сендей болот. «Алтынай апаң үйлөнгөнүңдө, жакшылыктарыңда, ар дайым түбөлүк жаныңда болсун, сени тапшырдым, аманатымды айткыла» деп керээз айтыптыр. Укпай калып, өкүндүм», — деп жазылат билдирүүдө.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.